Site icon Reporter.kg

Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаевге депутаттык мандат тапшырылды


Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясына АЮ холдинг” компаниясынын ээси, ишкер Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробаев депутат болуп келди.

Кечээ, 13-майда аларга мандат тапшырылгандыгын Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов жана Жаныбек Исаев мандаттарын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазгандыгын “Репортерго” өздөрү кабарлаган.

Exit mobile version