Шаршенбеков атаандашын 11:0 эсеби менен жеңип, финалга чыкты (видео)

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Бишкектеги Азия чемпионатынын финалына чыкты. Шаршенбеков беттештерди 1/8 финалдан баштап, алгач индонезиялык спортчуну 11:0 эсебинде жеңди. Андан кийин өзбекстандык балбанды 8:0 эсебинде утту. Ал эми жарым финалда ирандык спортчуну 9:0 эсебинде утуп, финалга чыкты. Эми алтын үчүн беттеште ал япониялык балбан менен күч сынашат.