Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, үшүк жүрүшү күтүлөт

Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, үшүк жүрүшү күтүлөт

Ушул жылдын 8-9-апрелдеринде Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, 9-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.

9-10-апрелдерде Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк, 10-11-апрелдерде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>