Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү! Алдыдагы күндөрү аба-ырайы бузулат

Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата аба ырайынын божомолу тууралуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелдеринде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 28-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын болот. 29-30-апрелдерде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-30-апрелдерде кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

29-апреллен 3-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

28-30-апрелдерде жана 1-2-майларда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат.

28-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-апрелде күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

29-30-апрелдерде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

1-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жана 2-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-майда Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелдерде кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

 28-30-апрелдерде жана 1-2-майларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

28-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. 29-30-апрелдерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-2-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелдерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-30-апрелдерде жана 1-2-майларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

28-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-апрелде күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 29-апрелде күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

1-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жана 2-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-майда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелдерде кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

28-30-апрелдерде жана 1-2-майларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

28-апрелде жана 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

29-апрелде күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-апрелде жана 1-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

1-майда күндүз жана 2-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-30-апрелдерде кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

28-30-апрелдерде жана 1-2-майларда Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

28-апрелде жана 29-апрелде түнкүсүн  жаан-чачын күтүлбөйт.

29-апрелде күндүз жана 30-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

1-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жана 2-майда жаан-чачын күтулбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелдерде кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Exit mobile version