Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызстандын аймагында 21-декабрдан 26-декабрга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Аба ырайы тууралуу маалымат:

21-декабрда күндүз жана 22-23-декабрларда Кыргызстандын аймагында туруксуз  аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.  Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-26-декабрларда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук, Чүй облусунун түндүгүндө -7…-12°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  -4…-9° суук,  күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде  түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, Ат-Башы районунда түнкүсүн -24…-29°, күндүз -12…-17°, тоолуу райондордо  түнкүсүн  -15…-20°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>