Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн

Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн

Үстүбүздөгү жылдын 23-24-октябрларында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда  жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши болжолдонууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Ысык-Көл  облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт: — Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, түндүгүндө 0…-5° суук, күндүз 3…8° жылуу;

— Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 2…7° жылуу;

— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу;

— Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу;

— Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйыдатат.

Ал эми бүгүн, 22-октябрда Республиканын тоолуу аймактарында жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>