Шашылыш билдирүү! 27-28-февралдарда өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Шашылыш билдирүү! 27-28-февралдарда өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт

27-29-февралдарда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

25-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Ал эми күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде, тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорундо жана Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

27-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын  көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 27-февралда күндүз жана 28-февралда түнкүсүн  көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

27-28-февралдарда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-февралда күндүз жана 27-февралда кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-2-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>