Шашылыш билдирүү! Алдыдагы күндөрү кандай аба-ырайы күтүлөт

Шашылыш билдирүү! Алдыдагы күндөрү кандай аба-ырайы күтүлөт

Эртең, 20-апрелде күндүз жана 21-22-апрелде аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт, 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт.

21-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, 21-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба-ырайы жайыттарда мал кармоо, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

22-23-апрелдерде түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°, 24-апрелде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>