Шашылыш билдирүү! Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жаап, кар көчкүсү түшүүсү мүмкүн

Шашылыш билдирүү! Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жаап, кар көчкүсү түшүүсү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу аймактарында 18-февралдан 21-февралга чейин кар көчкүсү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Ошондой эле жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ал эми бүгүн, 18-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>