Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү: Тоолуу аймактарда кар жаайт

22-августта күндүз жана 23-24-августтарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Exit mobile version