Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар жаайт

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызстандын аймагында 23-24-октябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Ысык-Көл  облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйыдатат.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Тоолу райондордо түнкүсүн -7…—12, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкекте  түнкүсүн -2…2, күндүз 3…8 градус болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>