Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда көчкү түшүүсү күтүлөт

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда көчкү түшүүсү күтүлөт

10-мартынан 15-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда көчкү түшүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Өтмөк ашуусу, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш унаа жолунун 165-180-чакырымдарында (Талдык жана Катын-Арт ашуулары), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-136-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу)  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>