Шашылыш билдирүү! Туруксуз аба ырайы күтүлөт

Шашылыш билдирүү! Туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Билдирүүдө 20-ноябрдан 24 ноябрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөрү айтылат.

20-ноябрдан 24 ноябрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 20-ноябрда эртең менен жана күндүз жана 21-24-ноябрларда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 20-21-ноябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-27-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°,

тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9°,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°,

Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°,  күндүз -1…-6°,

Тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>