Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

12-14-августта туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрлик селдин алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону сунуштайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version