Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 3-февралдан 6-февралга чейинки күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда Бишкек — Ош унаа жолунун 198-265 чакырымдарында «Ала-Бел» ашуусу «Чычкан» капчыгайы, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 70-107- чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-113 чакырымдарында «Чапчыма ашуусу» Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз