Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү! Ашууларга кар көчкү түшөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 3-февралдан 6-февралга чейинки күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда Бишкек — Ош унаа жолунун 198-265 чакырымдарында «Ала-Бел» ашуусу «Чычкан» капчыгайы,  Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 70-107- чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-113 чакырымдарында «Чапчыма ашуусу»  Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version