Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлөт.

ӨКМден билдиришкендей,батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

«Катуу шамалда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз «112» кызматына чалыңыз»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version