Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

Бишкек жана Чүй өрөөнүндө бүгүн жакынкы бир сааттын аралыгында жана күндүз катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.

Exit mobile version