Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү: Кар көчкү, шамал, жамгыр

12-апрель күнү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткү түшүүсү күтүлүүдө. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кээ бир райондордо өткүн өтүп күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Exit mobile version