Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү! Көпчүлүк ашууларда кар көчкү түшөт

Кыргызстандын көпчүлүк ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу жаралууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, 16-февралдан 19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чак. (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чак. (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), 356-358 чак. (Көк-Бел ашуусу), Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чак. (Өтмөк ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 58-113 чак. (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-4 чак., Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107 чак, Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305 чак. (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), 352-354-чак. (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чак. (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чак. (Кара-Гөө ашуусу), Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14 жана Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 160-179 чак. (Талдык ашуусу) Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-136 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version