Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү: Кыргызстан боюнча туруксуз аба-ырайы күтүлөт

21-25-апрель күндөрү  Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-апрелде, 24-апрелде күндүз жана 25-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок  болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2022-жылдын 21-25-апрелдеринде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Exit mobile version