Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда үшүк жүрөт

20-21-март күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version