Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын аймагында 5-6-августта туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

“Бул күндөрү алыскы жолго чыгууда жаныңызга суусундук, жол азыгын камдап алууну унутпаңыздар!”, — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ кырсык катталган учурда «112» номерине чалууну өтүнөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version