Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү: Ысык-Көл менен Нарында сел жүрүшү мүмкүн

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу 2-3-августта Ысык-Көл жана Нарын облустарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрлик аталган облустардын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертет. Ошондой эле, ӨКМ сел каптоонун алдын алуу максатында үй жанындагы, чарбактардагы арыктарды тазалоону сунуштайт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version