Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү: Жолдор тайгак болуп, муз тоңот

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 5-майынан 9-майына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу)

Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 199-215-чакырымдарында (Каракысмак ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

“Унаага дөңгөлөк чынжырчасы, күрөк, дары-дармек топтому жана гүлазык, ысык суу алыңыздар. Зарылдыгы болбосо алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырыңыз. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылды чектеңиз!” деп айтылат билдирүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version