Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү! Жума аягында үшүк жүрүшү мүмкүн

Ушул жекшембиде Кыргызстанда үшүк жүрүшү мүмкүн.

Кыргызгидромет кызматынын маадыматына ылайык, 20-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунуч жаратат.

Exit mobile version