Site icon Reporter.kg

Шаурмага ууланып ооруканага жаткырылгандардын саны 23кө жетти

Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына 43 адам шаурмага ууланып кайрылды. Бул тууралуу  Reporter.kg’ге Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Уулангандардын 23ү ооруканага жаткырылды, алардын экөө жаш бала. 20 бейтап үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү.

Министрликтин билдирүүсүндө, бейтаптардын абалы туруктуу, керектүү дары-дармектер менен камсыз болушкан.

Белгилей кетсек, уулангандар «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым жайларынан шаурма сатып алышкан.

Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып, 15и ооруканага түштү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version