Site icon Reporter.kg

Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга декабрда келет

Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев декабрь айында Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Өзбекстан президенти чет өлкөлөрдүн жаңы дайындалган элчилери менен жолуккан учурда маалым болду.

Мирзиеевге Түштүк Кореянын элчиси Ким Хи Санг, Кыргызстандын элчиси Муса Жаманбаев, Алжирдин элчиси Бумедиен Геннад, Казакстандын элчиси Бейбут Атамкулов, Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Жонатан Хэник ишеним грамоталарын тапшырды.

Шавкат Мирзиеев Кыргызстандын элчисине кайрылып, «макулдашылган келишимдердин негизинде чек ара маселелерин жөнгө салуу мурун болуп көрбөгөндөй жалпы ийгилик» экенин белгиледи.

Ноябрда эки өлкөнүн парламенттери өзбек-кыргыз чек арасы жана Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу мыйзам долбоорлорун колдогон.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер «жапырт башаламандык уюштурууга даярданган» деген шек менен камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version