Site icon Reporter.kg

Шавкат Мирзиеев менен Касым-Жомарт Токаев дагы Бишкекке келди

Бишкекте өтө турган КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууга Өзбекстандын жана  Казакстандын президенттери дагы келишти.

Шавкат Мирзиеев жана Касым-Жомарт Токаевды тең министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны бүгүн 13.00дө башталат. Иш чарага Владимир Путин, Илхам Алиев,  Александр Лукашенко, Сердар Бердымухамедов, Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиеев жана Касым-Жомарт Токаев катышат. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичинен  Армениянын премьер-министри Никол Пашинян гана отурумга катыша албайт.

Саммит «Ала-Арча» мамлекеттик резидециясында өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version