Site icon Reporter.kg

«Шериктештиктин балдары» форумунда Кыргызстандын маданияты тааныштырылды

Беларуста өтүп жаткан «Шериктештиктин балдары» аттуу X эл аралык маданий-билим берүү форумунда Кыргызстандын маданияты тааныштырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Форумда Кыргызстандан барган окуучулар КМШ өлкөлөрүнөн келген окуучуларга кыргыз тарыхын, композитор Атай Огонбаевдин чыгармаларын, улуттук бийлерди тааныштырып, «Манас» эпосу тууралуу айтып беришкен. Ошондой эле улуттук тамак-аштардан даам таттырышкан.

Мындан тышкары кол өнөрчүлүк, бий боюнча мастер-класстар, аркан тартыш боюнча мелдештер өткөрүлүп, экологияны сактоо жана коргоо тууралуу маалымат берилген интерактивдүү аянтчалар уюштурулган.

Иш-чарага Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу катышкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин демилгеси менен түзүлгөн форумдун алгачкы иш-чарасы 2013-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн. Бул жылы ага Кыргызстандын атынан ар кандай эл аралык олимпиадаларда, конкурстарда жана фестивалдарда жеңүүчү болгон 10 окуучу катышууда.

7-июлда башталган «Шериктештик балдары» X форуму 16-июлга чейин уланат. Быйыл ал «Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы. Муундардын эси жана биримдиги» деген темага арналган. Ага Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын окуучулары катышууда. Өз кезегинде КМШ өлкөлөрүнүн парламент башчылары да форумдун катышуучуларына куттуктоолорун жолдошту.

Exit mobile version