Шеримкулов Текебаев менен Чотоновко: Силерди каматкандардан өч албагыла

Шеримкулов Текебаев менен Чотоновко: Силерди каматкандардан өч албагыла

Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов сот залынан бошотулуп,  үй камагына чыккан Текебаев менен Чотоновко кайрылып, аларды каматкандардан өч албоого чакырды.

Белгилей кетсек, Шеримкулов «Ата-Мекен» партиясынын штабынын алдына үй камагына чыккан саясатчыларга жолугуу үчүн келген.

“Силердин үй камагына чыкканыңарды бүткүл кыргыз эли көрүп кубанып жатат. Ушул кубанычка жеткирген бүгүнкү соттун чечими болду. Силер эки жылдан ашык абакта жатып, ар кандай ойлордо болдуңар. Мен көп нерсени көргөн киши катары силерге айтарым, эч качан бирөөдөн өч алам дебегиле, кайран өмүрүңөр текке кетет. Силерге канчалык бут тосуп, жамандык кылып, жок кылууга аракет кылгандарды кудай барын теңдеп коет. Азыр ден соолугуңар, акыл-эсиңер ордунда турган кезде Кыргызстанды кантип өнүктүрүүнү ойлонгула. Мындан аркы жасаган кызматтарыңар эл үчүн, мамлекет үчүн болсун”, — деди Шеримкулов.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>