Ширин Айтматованын күйөөсү да абакка кайтты

Ширин Айтматованын күйөөсү да абакка кайтты

Экс-депутат Ширин Айтматова 12-октябрда “Твиттердеги” баракчасына 6-октябрдагы митингде бошотулган күйөөсү Сыргак Кенжебаев соттун чечими менен колонияга кайтарылганын жазды.

«Сот жолдошум Сыргак Кенжебаевди түрмөгө кайтаруу чечимин чыгарды. Алар менин үйүм бүгүн тинтилет деп эскертишти », — деди ал.

Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев 4-октябрдагы шайлоодон кийин орун алган нааразычылык акциялардын алкагында абактан бошотулган.

Кенжебаев 19-декабрда Алматы аэропортунан кармалган. Ал алдамчылык боюнча эки кылмыш ишине тиешеси бар экендиги айтылып келет.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>