ШКУнун Ташкенттеги билим залына кыргызча китептер тапшырылды – сүрөттөр

ШКУнун Ташкенттеги билим залына кыргызча китептер тапшырылды – сүрөттөр

Бүгүн, 19-ноябрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги Шанхай Кызматташтык Уюмунун Ташкент шаарындагы (ШКУ) билим залына бир нече кыргызча китептерди тапшырды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Коңшу өлкөнүн Алишер Навои атындагы Улуттук китепканасында өткөн иш-чарага Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери, ШКУга мүчө мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, Өзбекстандагы ШКУ элдик дипломатия борборунун өкүлдөрү китепкана кызмткерлери жана студенттер катышкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчилик тарабынан берилген китептер кыргыз адабиятынын алтын фондусу экендиги, Кыргызстандын маданиятын жакындан таанып-билүүгө жана өлкө жөнүндө билимдерди байытууга жардам берээри белгиленди. Ошондой эле китептер залга келген конокторго кызык болот деген үмүт айтылды.

Мындан тышкары, ШКУ өлкөлөрүнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоо жаатындагы тыгыз кызматташтыгы үчүн Өзбекстандагы ШКУнун коомдук дипломатия Борборуна ыраазычылык билдирилди.

Иш-чаранын аягында Билим залынын өкүлдөрү белекке берилген китептер үчүн ыраазычылык билдиришти.
[su_image_carousel source=»media: 48856,48857,48855″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>