Site icon Reporter.kg

ШОК! Андрей Малахов түз эфир учурунда кыргыз жаранын адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын басынтты

24-сентябрь күнү “Россия 1” телеканалынын түз эфиринде орусиялык миллиардер “колбаса каролу” атыккан Владимир Маруговдун уулу Александрдын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүү болду.

Анын өлүмүнө Москвада таксист болуп иштеген кыргызстандык жаран Исламбек Акбаров шектелип, эки айга камалган эле.

Белгилей кетсек, Исламбек Акбаровдун унаасы менен миллирдердин уулу башкарып бараткан мотоцикл 8-июлга караган түнү Москвадагы Фрунзе көчөсүндө  кагышкан.

Түз эфирдеги талкуу учурунда теле алып баруучу Андрей Малахов кырсыкты “кокустук эмес, атайын уюшулган” деген божомол келтирди. Ал эми студияга келген коноктор шоумендин пикирин бир ооздон кубатташты. Алардын бири коомдук ишмер Роман Худяков ачык эле Александр Маругов катышкан жол кырсыкты  “буйрутма киши өлтүрүү болгон” деди.

https://youtu.be/JPJjZivpKU4?t=489

Ал эми Александрдын апасы кыргызстандыкка тагылган айптоолорду колдогон жок. Бирок студия коноктору аны ишендирүүгө тырышты. Ошентсе да ал Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жана Акбаровдун туугандарынын кечирим суроосун кабыл алып, кыргыздарга карата эч кандай доо арызы жана кеги жок экенин билдирди.

Бирок эфирдин жүрүшүндө Малахов кыргызстандык таксистти улутчулдук маанайдагы сөздөр менен кемсинтип, видеонун 20 минутасында төмөндөгүдөй сүйлөйт.

“Рулдагы чимкиригин тарта албаган 20 жаштагы бала жарым ай мурун башка өлкөдөн келип, такси айдап иштеп жүрөт. Аларга 1000 доллар берсең үй бүлөөсүн, айылын, бүткүл туугандарын  кубантат. Анткени алар мынча акчаны таба алышпайт. Аларда айлык 10 доллар”, — деген Малахов.

https://youtu.be/JPJjZivpKU4?t=1187

Андан кийин Малахов Исламбектин жактоочусуна кайрылып, таксисттин үй бүлөөсү көп балалуу экенин айтып, ага кызматы үчүн акчаны ким төлөп бергенин сурайт.

https://youtu.be/JPJjZivpKU4?t=2225

Андан соң айыпталуучуну талкулоо учурунда Малахов кыргызстандыктын көп балалуу үй бүлөөдөн чыккандыгын, унаа оңдоо курсун гана бүтүргөнүн, Москвага келгенге чейин Крымда сантехник болуп иштегенин айтат.

 Шоумендин пикирин студияга эксперт катары чакырылган коноктордун көпчүлүгү колдойт. Ал эми М.Ломоносоватындагы МГУнун профессору,  “кыргызстандык таксисттер сабатсыз, Москва шаарын билбейт жана алардын унаасына түшүү коркунучтуу”, — дейт.

Ошол эле маалда студиянын коноктору Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мурзапаяз Карагуловду жана айыпталуучунун жактоочусу Алексей Касатовду айыпталуучу Исламбек Акбаровду жактабоого чакырышты.

Көрсөтүүнүн экинчи бөлүгүндө жол кырсыгынан каза болгон Александрдын апасы Татьяна Маругованын мурунку күйөөсу менен ажырашкандыгы жана андан өмүрүнө кол салуу боюнча коркутууларды алгандыгы тууралуу кеп болот. Бирок Андрей Малахов кайра эле Исламбек Акбаровдун дарегине  ар кандай сөздөрдү айтып, “таксисттин туугандары 10 жылдан кийин кандай жашашат? Александр Маруговту өлтүргөнү үчүн Исламбекке төлөнгөн акчанга унаа үй сатып алат”, — деп сүйлөйт.

https://youtu.be/JPJjZivpKU4?t=2744

Exit mobile version