Шопоков шаарында бир жигиттин жансыз денеси табылды. Анын көкүрөгү күйүп, үшүк алган

Шопоков шаарында бир жигиттин жансыз денеси табылды. Анын көкүрөгү күйүп, үшүк алган

Чүй облусунда адам өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу облустун басма сөз кызматы билдирди.

30-декабрда саат 09:50 чамасында Сокулук РИИБге Шопоков шаарынын көчөлөрүнүн биринен эркек кишинин сөөгү табылганы боюнча билдирүү түшкөн.

Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу аталган жерге барышкан. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды, жыйынтыгы али даяр эмес. Жансыз денени ачуу маалыматы боюнча, маркумдун баш сөөгү жаракат алып, көкүрөгү күйүп, үшүк алган.

Бул факт Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине  «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал 20 жаштагы жергиликтүү тургун Х.С.

Жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чаралардын алкагында, Чүй облусунун ИИББнин Сокулук районунун ИИБнын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп табылып, Сокулук районунун 33 жаштагы тургуну Б.С. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>