Штаб: Өлкөдөгү бардык базарларда беткап режими катуу сакталышы керек

Штаб: Өлкөдөгү бардык базарларда беткап режими катуу сакталышы керек

Кыргызстандагы бардык базарларда беткап режими жана башка күчөтүлгөн санитардык чаралар катуу сакталышы керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы кабарлайт.

«Базарларда иштеп жаткандар жана ал жакка баргандар беткапты милдеттүү түрдө тагынуусу зарыл. Базар жетекчилиги ушул маселе боюнча тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөөнү толук жоопкерчилигине алышы шарт. Санитардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары ири делген «Дордойдон» баштап, республикадагы башка базарларга чейин санитардык-эпидемиологиялык текшерүүлөр боюнча ишти күчөтүүгө тийиш», — деди Кубатбек Боронов.

Жыйында Бишкек шаарынын жашоочусу вирусту ири базарлардын биринен жуктуруп алгандыгы дагы айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>