Штаб: 118 кызматынын операторлору менен мобилдик топторунун саны көбөйтүлүүдө

Штаб: 118 кызматынын операторлору менен мобилдик топторунун саны көбөйтүлүүдө

Коронавирус инфекциясы боюнча адистерден кеңеш алуу үчүн иштеп жаткан түз байланыштагы 118 кызматынын Бишкек шаарын тейлей турган операторлору менен мобилдик топторунун саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. 

Учурда Бишкек шаары боюнча колл-борбордун 14 линиясы жана 40 мобилдик топ иштеп жатат. 

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков 118 кызматынын республиканын башка аймактарындагы операторлору менен мобилдик топторун көбөйтүү керектигин белгиледи. 

«Жарандарда COVID-19дун белгилери пайда болгон учурда эмне кылуу керектигин түшүндүрүү үчүн кошумча адистерди тартуу керек. Жарандар адистердин кеңешин ыкчам алуусу кажет. Ошондуктан облустардагы колл-борбордун операторлору менен мобилдик топторун көбөйтүү керек. Бишкек шаарында эпидемилогиялык кырдаал начарлап жаткандыгына байланыштуу дагы кошумча линиялар менен мобилдик топторду ишке тартуу зарыл», — деди Алмазбек Баатырбеков. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>