Site icon Reporter.kg

Штаб: 22-мартта коронавирус жуктуруунун жаңы учуру каттала элек

Бүгүн, 22-март саат 11:46га карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб кабарлады.

Жалпы республикада өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 14 адам. Алардын алтоо эркек, сегизи аял. Жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер. Бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Сузак районунда – 8 адам;

Ноокат районунда – 3 адам;

Баткен облусунда – 1 адам;

Бишкек шаарында – 2 адам.

Ыкчам штабдан кошумчалагандай, 2628 адам бейтаптар менен байланышта болгон. Азыркы учурда инфекциянын чордондорунда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш чаралар уланууда.

Exit mobile version