Штаб: Апрелде пенсия менен жөлөк пулдар эрте таратылат

Штаб: Апрелде пенсия менен жөлөк пулдар эрте таратылат

9-апрелде республика боюнча почта байланыш бөлүмдөрү ачылат. Почтальондор ошол эле күнү пенсиялар менен жөлөк пулдарды алуучуларга жеткире баштайт.

COVID-19 алдын алуу жана болтурбоо максатында бардык унаалар жана имараттар дезинфекцияланды, почтальондорго атайын кийимдер, көп жолу колдонулуучу беткаптар, кол каптар жана антисептиктер берилген.

МКК алдындагы “Кыргыз почтасы” ишканасы жарандарды үйдө калууга чакырат, почтальондор ар бир алуучуга соцтөлөмдөрдү үймө-үймө жеткиришет. Зарыл болсо, алар дем алыш кундөрү да иштөөгө даяр.

Эске салсак, почта кызматы ошондой эле дары-дармектерди жана азык-түлүктөрдү жеткирүү кызматтарын да көрсөтүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>