Site icon Reporter.kg

Штаб кайсы бейтаптар ооруканаларга кабыл алынарын айтты

Жаңы алгоритмге ылайык, абалы оор болуп жаткан жарандар ПЧР анализ бербестен, стационарга кабыл алынат. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда штабдан маалымдашты.

Чакыруу менен келген мобилдик топтор бейтаптарды төмөнкү клиникалык көрсөткүчтөр боюнча стационарга алышат:

Абалы өтө оор, жай отурган мезгилде дем алуунун жетишсиздиги;

Абалынын орточо оор түрү, кыймыл-аракеттин негизинде пайда болгон дем алуунун жетишсиздиги;

Оорунун жеңил түрүндөгү энтигүүсү жок жактар. Ошол эле учурда ооруканага төмөнкүдөй факторлору бар бейтаптар жаткырылышы мүмкүн — 60 жаштан жогорку курактагылар, кант диабети, өпкө, бөйрөк жана жүрөк оорулары барлар.

Мындан сырткары, эпидемиологиялык көрсөтмө учурунда бейтаптар – изоляция үчүн шарты жоктор (өзүнчө бөлмө),  65 жаштан жогорку курактагы адамдар менен жашагандар, 5 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар, иммунитети төмөн адамдар жана жүрөк, өпкө, бөйрөк оорусу барлар. 

Exit mobile version