Штаб: Каза болгон 30 медкызматкердин жакындарына 1 млн сом төлөндү

Штаб: Каза болгон 30 медкызматкердин жакындарына 1 млн сом төлөндү

Ушул жылдын 8-декабрына карата каза болгон 30 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө ар бирине 1 млн сом төлөнүп берилди Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн республикалык штабдан кабарлашты.

Ал эми илдет жуктуруп алган 608 медицина кызматкери 200 миң сомдон компенсациялык төлөмдөрдү алышкан.

“Учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерине жана каза болгон 2 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалууда”, – деп жазылат штабдын маалыматында.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3986 учур катталган, алардын ичинен 3695 медкызматкер сакайды. Каза болгон дарыгерлердин саны 80ден ашты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>