Site icon Reporter.kg

Штаб: Комендатура тарабынан буга чейин берилген өткөрмө кагаздар эртеңден тарта жокко чыгарылат

Комендатура тарабынан буга чейин берилген өткөрмө кагаздары бүгүн 24:00дө жокко чыгарылат. Анын үстүнө, жумуш берүүчүлөргө өзүнүн кызматкерлерине унаа уюштуруп берүү сунушталат. Жеке автоунаада себепсиз жүрүү сунушталбайт. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Республикалык ыкчам-штабдын жыйынында маалым болду.

“Ишмердүүлүгүнө уруксат берилгендер үчүн – шаар ичинде жылып жүрүүгө ишкананын катталган жери боюнча Мамлекеттик салык кызматында тастыкталган аныктамасы керек. Мында салык кызматында көп адамдын топтолушун болтурбоого жумуш берүүчү муну тизме боюнча өзү ишке ашырышы туура болот. Бул маселени мэрия менен биргеликте иштеп чыгуу зарыл”, — деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Белгилесек, аталган аныктамалар Бишкек жана Ош шаарларында ишке тартылып, бирок шаардын сыртында жашаган кызматкерлерге керектелет.

Exit mobile version