Штаб: Коомдук транспорт 11-майдан тартып иштейт

Штаб: Коомдук транспорт 11-майдан тартып иштейт

Өкмөттүн чечимине ылайык, өзгөчө кырдаал шартында коомдук транспортто: автобустарда жана троллейбустарда эл ташууга жана жүрүүгө бир топ талаптар коюлууда. Ага ылайык, жүргүнчүлөр баары беткап, мээлей кийип, антисептик каражаттар менен жүрүүгө тийиш.

Айдоочу өз кабинасынан чыкпашы керек, май куюучу жайдан башка жактарга барбашы зарыл. Эгер саламаттыгы начарлап жатканын байкаса, айдоочу кабинасынан чыкпай туруп, «Тез жардам» кызматына же комендатуранын түз байланышына чалып, кабар берүүгө тийиш. Айдоочу башкалар менен мүмкүн болушунча аз байланышууга аракет кылышы керек.

Жүргүнчүлөр салонго 60-70% ашык эмес, отургучтардын санынан ашырылбай салынышы зарыл. Транспорттун ичи күнүнө үч жолудан кем эмес дезинфекцияланууга тийиш. Салондогу бардык кармагычтар, отургучтар ар бир каттам сайын тазаланып турууга тийиш.

Маршруттук кичи автобустардын ишин жандандырууга азырынча уруксат бериле элек.

Ушундай эле талаптар ишканалардын жумушчуларын ташууга да коюлууда. Жумушчулар унаада отуруп барышы керек. Унаада сөзсүз санитайзер болууга тийиш. Транспорт күн сайын тиешелүү түрдө дезинфекцияланышы керек.

Ал эми такси кызматына 1-майдан тартып иштөөгө уруксат берилди. Таксисттер салонго экиден ашык адам салбоого, машинаны күнүнө кеминде үч жолу дезинфекциялап, кармагычтар, отургучтар ар бир жүргүнчү ташыган сайын антисептик менен тазаланып турууга тийиш.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>