Коронавирусту жуктурган 366 жаран стационарда жатат. Анын ичинде 11 бейтап оор абалда, алардын жетөөсү – реанимацияда. Бул тууралуу бүгүн брифингде маалымдалды.
Маалыматка ылайык, COVID-19 инфекциясына чалдыккан калган бейтаптарды абалы орточо оор же канааттандырарлык деп бааланууда.
Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 449 учур катталды.
Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 93, Ош облусунда – 130, Ош ш. – 71, Чүй облусунда – 28, Бишкек ш. – 82, Баткен облусунда – 5, Нарын облусунда – 34, Ысык-Көл облусунда – 6.
Катталган учурлардын ичинен 244 аял, 205 эркек. Ал эми бүгүнкү күнгө карата 78 адам айыгып, үйнө чыгарылды.