Site icon Reporter.kg

Штаб: коронавируска чалдыккандардын 48% айыкты

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптардын 48 пайызы ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 23-жыйынында айтылды.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов белгилегендей,  23-апрелге карата коронавирус 631 адамдан табылды. Стационарда 321 бейтап жатат, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Сегиз киши каза болду. Оорудан айыккандардын жалпы саны 302 адамга жетти.

Жыйында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов, аймактарда обсервациялык жайлар жарандарды кабыл алууга даяр турууга тийиш экендигин белгилеп кетти.

Exit mobile version