Site icon Reporter.kg

Штаб: Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык бөлүмдөрү жабылат

Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволору жабылат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Мындай чечим өлкөнүн аймактарына киргизилген өзгөчө абал режимине байланыштуу кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-марттан тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволор аралык бөлүмдөрү өлкөдөгү абал турукташканга чейин жабылат. Алардын катарына Калкты тейлөө борборлору жана “Унаа” мекемесинин бөлүмдөрү, “Кыргыз почтасы” ишканасынын жана Архивдик агенттиктин бөлүмдөрү, ошондой эле паспорттук столдор жана ЗАГС (ОЗАГСПРН) кирет.

Exit mobile version