Штаб: Москва–Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрү аэропорттон өз билемдик менен чыгып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт

Штаб: Москва–Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрү аэропорттон өз билемдик менен чыгып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт

“Аэрофлот” авиакомпаниясынын Москва–Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрү аэропорттон өз билемдик менен чыгып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул каттамдын жүргүнчүлөрү бардык тийиштүү процедуралардан өтүшкөнүн “Манас” Эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

“22-мартына чейин коронавирусун жуктургандардын саны 1000ден аз болгон, эпиджагымдуу өлкөлөрдөн келгендердин баары тийиштүү процедуралардан өткөндөн кийин үй карантинине жиберилген болчу.

Республикалык штабдын чечими боюнча 22-марттан тарта чет өлкөлөрдөн учуп келген бардык жүргүнчүлөр тийиштүү процедуралардан – паспорт көзөмөлү, санитардык-карантиндик пункттан өткөндөн кийин, обсервация жайларына жеткирилүүдө”, — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>