Рамазан айында ооз ачтыруу сооп иш, бирок бул жылы түзүлгөн кырдаалды жана чектөөлөрдү эске алып, аларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде брифингде Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.
«Ыйык айда быйыл дагы да көбүрөөк сабырдуу болууга чакырабыз. Конок чакырып, үйгө эл чогултуу жана массалык намаз окуу болбойт”, — деп маалымдады ал.
Белгилей кетсек, Рамазан айы эртең, 24-апрелден башталат.