Site icon Reporter.kg

Штаб: Учурда коронавирус жуктурган 26 бейтап оор абалда реанимацияда жатат

Бүгүн, 29-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 5 миң 17 учурга жетти. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ооруканаларда  – 716 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 26сы реанимацияда жатат. Ооруканадан чыгарылгандар 2 миң 294 адам, ал эми үй карантининде дарыланып жаткандар – 1 миң 957. Илдеттен каза болгондордун саны 50гө жетти.

Exit mobile version