•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Штаб: Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу тартиби өзгөрдү

Бүгүн, 19-апрелден тартып жарандар Ысык-Көл облусуна “Ак-Кеме” экологиялык посту аркылуу гана кире алышат. Тиешелүү чечимди облустук шатб кабыл алганын Республикалык штабдан кабарлашты.  

Ал эми Ысык-Көл облусунун аймагынан чыгууну каалагандар “Кызыл-Омпол” аймагындагы пост аркылуу гана чыга алышат.

19-апрелге карата, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 554 га жетти. Алардын ичинен 8 учур Ысык-Көл облусунун аймагында катталган.

 

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *